Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 1073

Бишкек, “Саясат.kg”. Аскарбек Молдобаевдин персонасына кызыгышса, дагы далай былыктары чыгышы мүмкүн...

Редакциябызга арыз-муңун узак жазган, акыйкаттык издеп чарчаган, Кыргыз Республикасынын жараны Кибаров Фехретдин келди. Ал 30 жылдан бери алданып, укук коргоо органдары айткандарына маани бербей, анын ишенимине кирип алып, алдаган адам жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтып арызданды. Ошондой эле  акыркы үмүтү конституциянын гаранты, президент Садыр Жапаровдо жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевде экенин баса белгиледи. 

Фехретдин Кибаровдун айтымында, “Бишкеккурулуштун” жетекчиси Аскарбек Молдобаевдин айынан үй-бүлөсү эч нерсеси жок калган.

“Аскарбек Молдобаев ишенимиме кирип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мени каражаты жок калтырды. Ал  менин ишенимим менен берилген каражаттарымды жана Бишкектеги 12-кичи райондогу квартираны ремонттоо үчүн берген  курулуш материалдарыма жана күйүүчү майларыма зыян келтирди. Кыскасы, ири өлчөмдөгү каражатымды адамчылык менен алып алды.

Узак жылдан бери аны менен кармаштым. Чындыкка жетем дедим. Адилеттик издедим. Бирок, Аскарбек  Молдобаев  укук коргоо органдары менен сүйлөшүп алып, мени ар кайсыны айтып алдап, инфаркка чейин жеткирди. Бирок, өзү дагы деле суудан кургак чыгып, жоопкерчиликке тартылган жок. Чынында Аскарбек Молдобаевдин мага кылган кыянаттыгы “ири өлчөмдөгү алдамчылык” деген статьяга туура келет. 30 жылдан бери мени азапка салган укук коргоо органдарынын иш-аракеттери болсо, кылмышка шериктеш деген беренеге туура келет. Кыскасы, мыйзамды көзөмөлдөгөн тармак да өзүнүн ишине шалаакылык менен мамиле жасады. Чындык чырылдап, адилетсиздик,  орун алды. Эң жаман укук коргоо органдары ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган Аскарбек  Молдобаевдин  иш-аракеттерин мыйзамдаштырды. Тергөө органдары дагы мыйзам талап кылган нерселерди аткарып, кылмыш ишине күнөөлүү адамды жоопко тартмак турсун чекесинен чертишкен жок. Мен болсо мыйзамды, адилеттикти төө бастыга алгандардын азабынан 30 жылдан бери акыйкаттык издеп келе жатам.

Мен мунун баарын  тергөө органдарынын коррупциялашкан фактысы деп атайт элем. Ошон үчүн жабырлануучунун укугу корголбой, мыйзамдар бузулуп, ал турсун тергөө талапка ылайык жүрбөй, акчалуунун айтканы аткарылып жатат. Ошон үчүн сот, прокуратура менен сүйлөшүп алып, Аскарбек Молдобаев мени далай жолу жолго салды.

Чынымды айтсам, менин мындан ары  кызыкчылыгымды коргоого күчүм калган жок. 

Урматтуу президент, сизден тиешелүү органдагы адамдарга менин кайрылуум боюнча тапшырма берип, акыйкат тергөө жүргүзүп, адилет  чечим чыгартып беришиңизди суранам. Чыгымдарымдын ордун толуктатып берүүңүздү өтүнөм. Ошондой эле ишти ушунча жылдан бери будамайлаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопко тарып беришиңизди суранам. Мен тиешелүү документтердин түп нускасын бере алам. Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка сизди да кайдыгер карабайт деп ишенем”,- деп жазылган карыянын кайрылуусунда.

Кибаровдун кайрылуулары буга чейин ажо С.Жапаровго, УКМКнын төрагасы К.Ташиевге жиберилиптир, бирок, али күнчө ал жактан жооп болбой жатыптыр... Бул макаланы окуп калышса, жетекчилерибиз  маселени акыйкаттык менен чечип берерине ишенебиз.

Тема: