Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 501

БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жалпы 106 кайрылуу келип түштү.

БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жалпы 106 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда 466 кайрылуу келип түшкөн.

“Башкача айтканда, быйыл кайрылуулардын саны 4,5 эсеге аз. 106 кайрылуунун ичинен 54ү добуш сатып алуу, сегизи үгүт иштеринин бузулушу, 37си административдик ресурсту пайдалануу, үчөө шайлоо фондунан сырткары каражат колдонуу, төртөө башка бузуулар. Аймактарга бөлүп айтканда, Бишкектен 10, Баткенден 7, Жалал-Абаддан 13, Ысык-Көлдөн 5, Нарындан 11, Оштон 22, Таластан 7, Чүй облусунан 31 кайрылуу түшкөн”, — дейт ал.

Шайназаров 7 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлүп, 15 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

“Төрт адамга айып угузулду. БШК тарабынан 20 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди. Белгилей кетсем, эскертүү оор жазага кирет, анткени эки ирет алса, талапкер же партиянын каттоо маселеси каралат. Мындан сырткары, 35 жаранга айып салынды”, — дейт ал.