Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 928

Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган Ж.К. кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган жаран Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Башкы прокуратуранын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу
жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алдоо жолу менен алгандыгы, жарандарга жалпы суммасы 21 500 АКШ долларында чыгым келтирилгендиги аныкталды.

Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан  Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Ж.К. башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Кармалган жаран Ж.К.дан жабыркаган жарандар болсо же ал боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билишсе, 0702-20-40-70, 0705-00-88-08 телефон номурларына кабарлашса болот.

Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынан сак болууну суранат жана жер тилкелерин сатып алууда бардык документтерди дыкат текшерүү керектигин, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү убашкаруу органдарына кайрылууну эскертет.