Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 3-август күнү Тогуз-Торо РИИБне 53 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылып, Тогуз-Торо районунун тургуну Шааболотов Самат аттуу адам уулун жумушка орноштурамын деп 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын февраль айында алгандыгын билдирген. Бирок ушул убакытка чейин айткан жумушуна киргизбей же берген акчаны кайтарып бербей жүргөндүгүн айтып, келтирилген  материалдык чыгымын төлөтүп берүүнү жана бул иш боюнча мыйзамдуу чечим чыгарууну суранган.

Мындан тышкары дагы бир 37 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылып, өзүнө тааныш болгон Шааболотов Самат аттуу адам 40 000 (кырк миң) сом акчасын февраль айында карызга алып, ушул күнгө чейин алдап бербей жүргөндүгүн билдирген.

Аталган фактылар боюнча топтолгон материалдар Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал  Тогуз-Торо районунун тургуну 1986-жылы туулган Калманбетов Самат Шааболотович экендиги такталган.

Бирок азыркы учурда Калманбетов Самат Шааболотович тергөөдөн качып жүргөндүктөн, аны көргөн же кайда экендигин билгендер болсо милицияга кабарлап койсоңуздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет. Ошондой эле жогоруда аты аталган жарандан жабыркагандар болсо Тогуз-Торо РИИБне кайрылыңыздар.

Байланыш телефондору: (03738) 5-02-02, 102, (0508) 66-66-15.