Талас облустук прокуратурасынын демилгеси менен облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Жакында видеобайкоо Кара-Буура милициясынын имаратына да орнотулмай болууда. Видеокамералар Жалал-Абад жана Чүй милициясынын имараттарында бар. Ошко жакын арада коюлат. Негизги максат - камактагыларды кыйноого жол бербөө, милициянын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Кыргызстанда кыноолор тыйылбай жатканын айтышууда. 
 
"Азаттык"
Бишкек, “Саясат.kg”. Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында Кытайдын жаранын уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.
 
21-май күнү Бишкектин Октябрь РИИБне Кытайдын жараны ошол күнү анын Бишкектеги ЖОЖдордун биринде билим алып жаткан бир тууганын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкендигин билдирген. Кылмышкерлер уурдап кеткен Кытайдын жаранын бошотууга 10 миң доллар талап кылышып, эгер бул талаптан баш тартса, өлтүрөбүз деп коркутушкан.
 
Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада кылмышка шектүү үч адам жана уурдалган студент жашырылган үй аныкталган.
Көп өтпөй Кытайдын жараны бошотулуп, ал Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде күч менен кармалып тургандыгы аныкталган.
 
 
 
КР ИИМ Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында Бишкекте эки кызматкер пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы билдирди.
 
Аталган башкармалык тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаранын натыйжасында жеке ишкерден 2 миң 500 сом акчаны пара катары алып жаткан учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук салык кызматынын инспектору кармалган. Ал ишкерден бул каражатты фирмасын жоюу үчүн көмөк көрсөткөн жардамына талап кылган.
 
Мындан тышкары шаардык газ чарба башкармалыгынын кызматкери да аталган укук коргоо башкармалыгы тарабынан кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында Бишкек газ чарба башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаанын жашоочусунун үйүндөгү газ эсептегичтин эскилигин шылтоолоп 6 миң сом айып салабыз деп коркутушкан жана бул жагдайды жеңил чечүүгө 6 миң сом талап кылышкан. Газ чарба кызматкери акчаны накталай алуу учурунда кармалган.
 
Жогорудагы эки факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
 
 
Кабар
Афганистандын алты жараны Астананын аэропортунда Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
 
18-майда эл аралык «Астана» аэропортунда  «Астана-Франкфурт» каттамынын жүргүнчүлөрүн паспорттук текшерүү учурунда Казакстандын УКК чек ара көзөмөлүнүн аскер кызматкерлери Афганистан Ислам Республикасынын 6 жаранын кармашкан. Алар Кыргызстандын жасалма паспорту менен мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылышкан.
 
Ошондой эле алардын паспортунда Европа союзунун аймагында жүрүүгө укук берген Шенген визасы болгон. Алар жасалма паспорт менен Германиянын аймагына качкын статусун алуу үчүн кирүүнү көздөшкөн. Учурда кармалган чет өлкөлүк жарандарга карата алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
 
 
Кабар
 
"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (MegaCom уюлдук компаниясы) башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков бүгүнтөн тарта ачкачылык жарыялады. Абековдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, айыпталуучу ага карата козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эмес, башка түзүм тергешин талап кылууда. 

"Абеков УКМКнын Коррупцияга каршы кызмат башчысы Бектен Сыдыгалиевди жазалоону талап кылып жатат. Себеби ал парламентке туура эмес маалымат берип, Абековду жөнү жок айыптады. УКМКнын кызматкерлери Абековду Мурзалиевге каршы көрсөтмө бер деп, антпесе коңшу камерага анын жубайын камап коюшаарын айтып жатышат. Балдарына карата да коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат", - дейт Айткулов.

УКМК «Альфа Телеком» башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду ушул жылдын январ айында камаган. Аларга 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. Учурда алар УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Жакында эле УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызмат 2011-жылы ишкананын ошол кездеги жетекчиси Алмазбек Абеков 6 миллион долларлык каражатты өөнөп алып, оффшордук аймакка чыгарып кеткенин кошумча жарыя кылды. Абековдун адвокаты болсо мындай маалыматты четке кагып, аны “Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчилерин камакта кармап туруу аракети катары баалап жатат. 
 
"Азаттык"
 

 

КР энергетика жана өнөр-жай министрлиги Күрпсай ГЭСиндеги өрттүн себебин аныктоо үчүн комиссия түздү. Бул тууралуу аталган ведомствонун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын начальниги Чорбай Акунов билдирди.
 
Анын айтуусунда, 20-майда саат 12:06да 220-жогорку өткөргүчүнүн 220-көмөкчордонундагы дөңгөлөктөрдүн экинчи системасы авриялык түрдө өчүрүлгөн. Күрпсай ГЭСиндеги чыңалуунун жоголушу 200 мегаватты түзгөн. Саат 12:30да 2-автотрансформатордо өрт чыккандыгы аныкталып, баардык көзөмөлдөөчү кабелдер, 6 киловольттук күч кабел жана байланыш кабели жарактан чыккан. Авриялык өчүүлөрдүн жана өрттүн себебин 21-23-май күндөрү жеринде иликтөө иштерин жүргүзгөн комиссия аныктайт.

Күрпсай ГЭСи электр энергиясы менен өлкөбүздүн түштүгүн жана Токтогул районун камсыз кылат жана ГЭСтин өзүнүн кубаттуулугу 800 мегаватты түзөт.
 
Кабар

Бишкектеги К. Баялинов атындагы китепкананын жанында орнотулган журналист Геннадий Павлюктун эстелигин кимдир бирөөлөр уурдап кетишкен. Азыр укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө.


Белгилүү журналист Г.Павлюк "Аргументы и факты" жана "Комсомольская правда" в Киргизии гезиттеринде иштеген. Ошол эле учурда оппозициялык "Белый пароход" гезитин жетектеген. “2009-жылы декабрда Алматыда өлтүрүлгөн. Аны 6-кабаттан ыргытып жиберишкен, бир нече күндөн кийин ооруканада каза болгон. 

 

Кабар

Бишкек, “Саясат.kg”. 2012-жылдын 11-майында Лейлек районунун Жаны-Жер айыл округуна карштуу Борбордук айылында  39 жаштагы тажик улутундагы Симаков Музаффар Ташрифович  оор салмактагы баңгизатын Кыргызстанга сатамын деп келген жеринен колго түштү. Бул тууралуу “Саясат.kg” маалымат агенттигине Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынын ага инспектору, милициянын капитаны Дамира Юсупова билдирди.
 
Кылмышкер Тажик Республикасынын Тоолуу Бадахшан областынын Хорог шаарынын тургуну,  болгондо да бул инсан 10 кг. гашиш менен кармалды. Мынчалык опурталдуу «жүктү» тоодой жүрөк менен алып келген «азамат»  кантип сатмакчы болгондугу да териштирилүүдө.
 
Баткен областтык ички иштер башкармалыгына ири өлчөмдөгү баңгизат менен тажик жараны жолго чыккандыгы кокусунан белгилүү болуп калган. М.Симаковго карата операцияны облусттук бангизат менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, милициянын полковниктери А.Назаралиев менен С.Саттаровдор жетектеген.
 
Лейлек районунун Борбордук айылында белгиленген күнү сатарман «жүгү» менен акча кылуу максатында келет. Тез арада пулдап кетмекчи болгон «бизнесмен» Баткен ОИИБнын БЗЖКМТнын кызматкерлери милициянын ага лейтенанттары А.Садиров менен К.Туранбаевдердин  жардамы менен колго түшкөн.
 
 
 
Маалыматты Красноярск аймагы боюнча ИИМинин сайтынан билдиришти. 
 
Бүгүн 08:00 чамасында Красноярск-Ачинск жолдорунун 718-чакырымында “Хонда Торнео” автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай каршы келаткан “Исудзу” жүк ташуучу автомобиль менен сүзүшкөн. 
 
“Исудзу” авто унаанын 28 жаштагы айдоочусу башынан катуу жаракат алган. 
 
Ал эми “Хонда Торнео” автоунаанын айдоочусу 1980-жылы туулган кыргыз жараны болгон. Кырсыктан 6 кыргыз жараны (анын ичинен 3 наристе) каза тапкан. 
 
 
fakt.kg
Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, өзүн салык кызматкеринде иштеймин деп жашырып жүргөн жаран ишкерлерден 10 миң сом талап кылган. 14 –майда атайын иликтөө иштери жана тинтүү жүрүгүзүлүп, натыйжасында 2 миң сом көлөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалды. Кылмышка шектүү жаран мурун борбор калаанын бир районунда салык кызматкери болуп эмгектенген жана жасалма документин көрсөтүп, ишкерлерди текшерүүгө алганын ИИМдин кызматкерлери аныктаган. Мындай алдамчылык жол менен бир канча айдан бери алектенип жүргөн деген божомолдор бар. 
 
Тинтүү маалында табылган жасалма мөөр Салык кызматына жана Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. 
 
 
fakt.kg
«Альфа Телеком» ААК боюнча ири коррупцияга кимдер аралашканы тактала элек. Ошентсе да, азыр бул факты боюнча иш УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат, деп билдирди Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков «Алиби» гезитинин 18-майда чыккан санында.
 
Депутаттын айтымында, алар бул жагдай боюнча парламенттик талкуу кылып, аталган кызматтын башчысы Бектен Сыдыгалиев эл өкүлдөрүнүн суроолоруна канаатандыраарлык жооп айтпай, үзүл-кесил жооп берип койду.
 
«Шылтоосу - тергөөнүн кызыкчылыгы. Бирок, мен азыр бул иш боюнча дагы көп адамдардын аттары аталыш керек эле, деп жатам. Анткени, өзүңөр билгендей, апрель окуясынан кийин 70ке чукул ар кандай стратегиялык объектилер убактылуу өкмөттүн Декрети менен мамлекеттин карамыгына өткөрүлүп, улутташтырылган», - деди Т.Мадылбеков.
 
Айтымында, ошонун ичинен жападан жалгыз, мамлекеттеги эң эле кирешелүү делген объект ушул «Мегаком» компаниясы гана негедир 49-51 деген пайызга бөлүнүп, толугу менен улутташтырылбай калган. «Ким буга жол берди? Кандай себеп менен? Бул боюнча бүгүнкүгө чейин бир дагы өкмөттүн мүчөсү же депутат маселе көтөргөн жок. Ооба, бул ишкананын айланасында бир канча комиссиялар иштеди, бирок, бирөөсү дагы мурда эмне себептен толук улутташтырылбай калганын териштирген жок», - дейт ал.
 
Эл өкүлү белгилегендей, убагында Акылбек Жапаров баштаган комиссия катуу күпүлдөп барып, аягы жымжырт болуп калды. Көрсө, ошол кездеги убактылуу өкмөттүн үч гана мүчөсү «Мегакомдун» улутташтырылышына каршы туруп, маселени чечип койгон экен. Бүгүн Мурзалиев, Абековдордон мурун «Мегакомдун» эмне себептен улутташтырылбай калгандыгынын себебин аныкталса, калган иштер түшүнүктүү болот.
 
«Андыктан, ошол үч адам ким экенин коомчулукка ачыкка чыгарышыбыз керек. Мен ушул боюнча жекече иликтөө жүргүзүп жатам», - деп кошумчалады депутат.
 
Булак: Баракелде, «Алиби»
 
Ошто «Мастурат» деп аталган аялдар жамаатынын ишмердүүлүгү кооптонууларды күчөтүүдө. Дин иштери боюнча комиссия учурда бул топтун иши талдоого алынганын билдирүүдө.
  •  

Ош облустук казыятынын аялдар бөлүмүнүн адиси Жамила Жапашованын «Азаттыкка» тастыкташынча, «Мастурат» жамааты Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир канча райондорунда активдешкен. «Кадимки эле ислам динин таратуучуларбыз» деген аялдар тобу барган жерлеринде динге үгүттөө иштерин жүргүзгөнү менен көбүнчө аша чаап кеткен учурлары да байкалууда.

- Башкасын айтпайлы, бир эле одоно тыюусун айталы, «эркектерди карабагыла, эркектерди көрсөңөр жаа боюу качкыла» дейт экен. Туура, бул жөнүндө шариятта айткан. Бирок булар өтө эле ашырып айтып, наасат кылышат экен да. Жакшылап түшүндүрбөй эле коркутуп, кыскача жеткизет экен. Кээ бир жерлеринде ислам динине каршы келген сөздөрдү да айтышат. Алар динди кайрадан жаман көрсөтүп, чочутуп жатат. Мындан элге залал келип калабы деп биз кооптонуп жатабыз.

Ал эмес эки кабат үй салуу да күнөө деп дааватка келген адамдардын жеке турмушуна да кийлигишет экен...



Жапашованын белгилешинче, «Мастурат» жамаатындагылар жер-жерлерди атайын автоунаалар менен кыдырышат. Барган айыл-кыштактарда аялдарды үй-үйлөргө чогултуп алып даават кылышат:

- Алардын туура жактары бар. Бирок туура эмес үгүт иштери арбын болуп атат. Чектөөлөрүнүн баарын айтсаң чачың тик турат. Аялдар көчөгө чыкпаш керек, иштебеш керек, үйдө олтуруш керек, андай-мындай деген сыяктуу тыюуларды өздөрү ойлоп эле айтып жатышкандай. Ал эмес эки кабат үй салуу да күнөө деп дааватка келген адамдардын жеке турмушуна да кийлигишет экен.

Деген менен аялдардын «Мастурат» диний тобу даават кылуу иштерин жергиликтүү дин башкармалыктардын уруксаты менен гана алып барат. Бирок алардын исламий дарстарын жана окуулуктарын көзөмөлдөөгө диниятчылардын мүмкүнчүлүгү жок.

Ош облус казысы Ниязалы ажы Арипов бир чети ага милдеттүү да эместигин айтат:

- «Мастурат» деген сөз араб сөзүнөн алынган, «колукту» дегенди түшүндүрөт. Бул ошо аялы менен кошо, же аялдарды даават иштерине алып чыгуу. Азыркы «Мастурат» кыймылындагылар мечит имамдарынын көзөмөлүндө өтүшсө анда проблема болбойт. Бирок өз алдынча үйлөрдө, хужраларда ошондой сабактарды уюштуруп аткандар бар. Аларга биз жооп бере албайбыз. Ал жерлерде эмне сөздөр болуп жатканын да билбейбиз. Эгерде ошондой динге туура келбеген нерселер байкалса өздөрү жооп беришет.

«Мастурат» жамаатынын аймактагы өкүлдөрүн табууга мүмкүн болбоду. Тапкандарыбызды кепке тартсак өздөрүн ал уюмдан оолак кармап, сурообузга жооп берүүдөн баш тартышты. Күч органдары да азырынча бул кыймыл тууралуу комментарий бере элек.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков болсо буларга токтолду: 

- Мамлекеттик каттоодо жок туруп эч кайсы бир уюм өз алдынча иш жүргүзүүсүнө мыйзам жол бербейт. «Мастурат» жамааты тууралуу да азыр биздин адистер иликтеп атышат. Эгерде салттуу ислам динине каршы келген жагдайлар болсо, же экстремисттик багыттагы нерселери болсо биз тийиштүү укук коргоо органдары аркылуу, жергиликтүү бийликтер аркылуу далилдеп, ишине бөгөт коёбуз. 

Узаков мындай уюмдар аялдарга диний билим берүүнүн жоктугунан чыгып жатканын да кошумчалады:

- Акыркы жылдары дин маселесинде аялдар менен иштеген эч ким болбой калды. Муфтият дагы, казыят дагы, имам-хатибдер дагы аялдардын динге болгон укуктарын эске албай келди. Ошол себептүү ушул сыяктуу уюмдардын түзүлүшү мыйзам ченемдүү нерсе болуп атат. Эми азыр Ош облусундагы ар бир мечитте да аялдар менен иштөөчү адистик ачылды, бул иш-чара дагы ушул жаатта бир топ нерселердин алдын алып калат деп ишенип атабыз.

Буга чейин да аймакта "Таблиги жаамат" диний кыймылынын иш аракеттери активдешип, кооптонууларды жаратып жатканы айтылган. Соңку күндөрү «Хизб-ут-Тахрир» диний эктремисттик уюму да өз ишин жаңы нукта күчөткөнү кеп болууда.

 

"Азаттык"

Бишкек, "Саясат.kg". Жогорку Кеңеште «Альфа Телеком» (MegaCom) жабык акционердик коомунун жетекчилери тарабынан уурдалган ири өлчөмдөгү каражат боюнча жаңыдан козголуп жаткан кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын маалыматы угулду.
 
Коррупцияга каршы кызматтын директору Бектен Сыдыгалиевдин караганда, 2011-жылдын июнь-июль айларында «Альфа Телеком» ЖАК башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмазбек Абеков Кытайдын «ZTE» компаниясы менен 31 млн. доллар өлчөмүндөгү каражатка жабдууларды сатып алуу жана кызмат көрсөтүү боюнча түзүлгөн келишимге кол койгон. Анын 6 млн. доллары Алмазбек Абековдун Британдык Виргин аралдарында катталган оффшордук аймактагы компаниясына мыйзамсыз которулуп кеткен.
 
Бул факты боюнча 2012-жылдын 11-майында кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жетиштүү.
 
Белгилей кетсек, УКМК ККК тарабынан «Альфа Телекомдун» (MegaCom) иши текшерүүгө алынып, коррупциялык схема ачыкка чыккан. Анын жыйынтыгында аталган компаниянын жетекчилери табылган кирешени уурдоо менен, мамлекетке 142 млн. 95 миң 170 сом зыян келтирген. Ачылган жагдайдын негизинде «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директору Азамат Мурзалиевге, андан кийин Алмазбек Абековго кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
 
Жыйын жүрүшүндө «Альфа Телеком» ЖАК башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмазбек Абеков кызматка Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилиги тарабынан дайындалгандыгы, ал кийин уурдалган акчанын 1,1 млн сомуна мурдагы балабакча имаратын сатып алгандыгы белгилүү болду.
 
Учурда Коррупцияга каршы кызмат тарабынан акча каражаты которулган жарандын аты-жөнү такталып жатат. Анын Кыргызстандын атуулу экендиги так белгилүү.
 
Суроо-жооп жүрүшүндө депутаттар тарабынан бул эң ири коррупциялык кылмыш иштеринин бири экендиги белгиленди. Кылмыш ишинин ачылышы мамлекет жетекчилигинин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан иштеринин чыныгы жүзүн аныктайт. Ошондуктан, тергөө иштерин ыкчамдатуу сунушу берилди.
 
Жыйынтыгында депутаттар кылмыш иши толук иликтенип бүткөндөн кийин, ал тууралуу маалыматты кайрадан угуу чечимине келди.
 
Кыргызстандан Кытайга алынып чыгарылган 6 млн доллар акча мамлекеттин казынасынан чыгарылган, деп маалымдады 16-майда Жогорку Кеңеште УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору Бектен Сыдыгалиев.
 
Учурда Жогорку Кеңеште 2011-жылы «Альфа Телеком» ААКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу А.Абеков тарабынан кытайлык «ZTE» компаниясы менен жабдыктарды алып келүү жана кызмат көрсөтүү боюнча жалпы суммасы 31 млн доллар болгон келишимди түзүү жолу менен 6 млн долларды салыгы аз аймакка өзүнө алуу максатында чыгарып кеткен маалымат боюнча талкуу жүрүүдө.
 
Суроо берүү маалында депутат Камчыбек Ташиев Мурзалиев, Абековдордун артында ким турат деген суроого Б.Сыдыгалиев азыр иликтөө иштери жүрүп жатат деп так айта албай койду.
 
«Бул маселе боюнча президенттин, Бабановдун, Отунбаеванын атын айтып жатышат. Коорупцияга каршы кызматты президент түзгөндүктөн, бул маселеде президенттин аброюу дагы турат. 6 млн акчанын оффшордук жол менен чыгарылып жатса, кантип чоң кызматтагы фигураларды таба албайсыңар», - деди К.Ташиев.
 
Ал эми депутат Тошболот Балтабаев Мурзалиевди, Абековдорду ким «Мегакомго» жетекчи кылып коюшкан деп сурады.
 
Б.Сыдыгалиевдин айтымында, бул адамдарды Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси койгондугун айтты.
 
Буга байланыштуу Т.Балтабаев Маммүлк фондусунун жетекчилигине чара көрүүнү кошумчалады.
 
Баракелде
“Альфа Телеком” ЖАКында мурда жетекчилик кызматтарда иштеген Алмазбек Абеков компаниядан ири суммадагы акча каражатын чыгарып кеткени тастыкталды. Бул туурасында бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматынын директору Бектен Сыдыгалиев билдирди. 
 
Анын айтымында, миллиондогон доллар акча каражаты жабдуу жана кызмат көрсөтүү боюнча Кытайдын ZTE компаниясы менен келишим түзүү аркылуу уурдалган. “Мында сатылып алына турган жабдуу жана кызмат көрсөтүүнүн наркы ашыкча көбөйтүлүп, 31 миллион доллар деп бааланган. Анын ичинде 6 миллион долларын Алмазбек Абеков өзү алмак. Кытай компаниясына 14,7 миллион доллар которулуп, анын 6 миллиону кийин Абековго таандык болгон “Truth Concept Limited” оффшордук компаниясынын эсебине которулган. Бул компания Виргин аралдарында катталган экен”, - дейт Б.Сыдыгалиев. 
 
Коррупцияга каршы кызматтын директору А.Абеков 6 миллион долларды кайра башка эсептерге которуу менен сарптаганын кошумчалады. Анын ичинде Кыргызстандын жаранынын эсебине которуу менен Бишкектен кыймылсыз мүлк сатылып алынган. Ошондой эле башка бир чет элдик компаниянын эсебине да акча которулган. 
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин “мыйзамсыз жол менен алынган акча каражатын же башка мүлктү адалдоо” жана “коммерциялык сатып алуу” беренелери боюнча жаңы кылмыш иши козголду. 
 
Эске сала кетсек, УКМК Коррупцияга каршы кызматы “Альфа Телеком” ЖАКыда коррупциялык жол менен 142 миллион сом зыян келтирилгендиги ачыкталып, компаниянын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана “Новострой Сервис” ЖЧК фирмасынын башчысы Аман уулу Кенжебек камакка алынган болчу. А.Абеков “Альфа Телеком” ЖАКында техникалык директор, башкы директордун милдетин аткаруучу, башкы директордун кеңешчиси кызматтарын аркалаган. 
 
 
Кабар
“Мегакомдун” паракор директорлорун дайындаган жооптуу министр кызматтан алынышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев билдирди.
 
Парламенттин пленардык жыйынында “Альфа телеком” компаниясынан оффшордук аймактарга чыгарылып кеткен 6 млн долларлык каражат боюнча УКМКнын маалыматы угулууда.
 
“Альфа телеком” компаниясынын акыркы эки жетекчиси тең паракорчулукка айыпталууда. Аларды бул кызматка ким дайындаган?”, - деп собол таштады депутат. 
 
Анын айтымында, “Мегаком” ишканасынын иши тергөөгө өткөн мурдагы жетекчилерин дайындаган мамлекеттик кызматкер жоопко тартылышы керек. Депутат А. Абековду жана А. Мурзалиевди кызматка бекиткен мамлекеттик кызматкер жумуштан бошотулушу керектигин белгиледи.
 
Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселе боюнча маалымат берип жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бектен Сыдыгалиев  “Мегаком” компаниясынын жетекчилигине А. Абековду жана А. Мурзалиевди Мамлекттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Дайыр Кенекеев дайындагандыгын ырастады.  

 Кабар
Кыргызстанда 2011-жылы 100дөн ашуун бала өзүн-өзү өлтүргөн. Бул тууралуу басма-сөз жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлжигит Сооронкулов билдирди. 
 
Анын айтымында, өзүнүн жанын кыйган балдардын саны улам өсүүдө. Себеби, көп учурда алар көйгөйлөрүн эч кимге айта албай, ушундай кадамдарга барып жатат. 
 
Негизинен ата-энесинин жанында эмес туугандарынын кароосунда калган мигранттардын балдары экенин аныкталууда. 
 
Сооронкулов мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн атайын интернат мектептеринин санын көбөйтүү керек дейт. 
 
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 1992-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 29 атайын интернат мектеби бар болчу, бүгүнкү күндө анын саны 15ке чейин азайды. 
 
 
fakt.kg

Бишкек, “Саясат.kg”. Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн, 16-майда күндүн биринчи жарымында Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан КР ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында өзүнүн жумушчу бөлмөсүндө милициянын подполковниги, ИИМ  эксперттик-криминалистикалык борборунун кызматкери өзүн өзү атып салган.

 

Н. аттуу  подполковник-баллистик өзүнө эки ирет ок аткан. Азырынча бул окуянын себеби белгисиз.

 

Жалал-Абад облусунун аймагында акыркы үч айда коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга каршы 70 кылмыш иши козголуп, анын 24ү биринчи кварталда соттун кароосуна жиберилген. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун прокурору Кылыч Токтогулов билдирген.
 
К.Токтогуловдун айтымында, аталган кылмыш иштери боюнча жалпы мамлекетке келтирилген зыян 8 млн сомдон ашык сумманы түзсө, алардын 2,5 млн сому тергөө учурунда өз ордуна коюлган.
 
«Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри шаарга селден тосуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип түшкөн 600 миң сомдук габион сеткаларынын 150 миң сомдугун гана иштетип, калган 450 миң сомдук сеткаларды иштетилди деп, жалгандан акт түзүшкөн. Аны өздөрүнө сиңирип, сарайларын тосуп алган фактылары орун алган», - дейт К.Токтогулов.
 
Анын айтымында, бул кылмыш иши тергелип бүтүп, шаардын биринчи мэринин кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Муна менен катар Чаткал районунун акимине кызматтык кылмыш иши боюнча айыбы угузулуп, Аксы райондук сотунун кароосуна жиберилген.
 
«Сот өзүнүн адилеттүү жыйынтыгын берет деп күтүп жатабыз. Ал эми Аксы райадминистрациясынын мурдагы кызматкерлери 130 миң сомдон ашык айлык акыларды башка максатта иштетип жибергендиги боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Сузак райондук социалдык кызматкерлери бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган боюнча иштер бар», - дейт К.Токтогулов.
 
К.Токтогулов билдиргендей, мындан сырткары Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы унаа жолунда кар көчкүдөн каза болгон жүргүнчүлөрдүн фактысы боюнча козголгон кылмыш иши бар. Ошондой эле ӨКМдин, райадминистрациясынын жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча жоопкерчиликтери каралып жатат.
 
Баракелде
Нарын облусунда 2011-жылы 23 адам өз жандарын өздөрү кыйышса, алардын бешөө жаш өспүрүмдөр болгон. Бул тууралуу Нарын облустук ИИБнын жетекчисинин орун басары Махабат Жумаев аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегинге билдирген.
 
М.Жумаевдин айтымында, ал эми 2012-жылдын 4 ай аралыгында эле 18 жолу өз жандарын кыюу учуру катталып, алардын бешөө жаш өспүрүмдөр болгон.
 
«Бардык катталган өзүн-өзү өлтүрүүлөр социалдык абалдын туруксуздугу жана ата-эне менен баланын ортосундагы ажырымдардан улам болуп жатат. Окуу жайларда ыйман сабактарында өзүн-өзү өлтүрүү чоң күнөө болоорлугун түшүндүрүүбүз керек», - дейт М.Жумаев.
 
Баракелде