Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 50

Буга чейин Киев украин чек арасын бойлой Орусиянын 80 миңдей аскери турганын жарыялаган.

Орусия украин чек арасында аскер кубаттуулугун күчтөндүргөнүнө байланыштуу Европа Биримдиги Москвага каршы жаңы санкцияларды азырынча киргизбейт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин онлайн кеңешмесинде анын башчысы Жозеп Боррель айтты.

Ал учурда орусиялык аскер күчтөрүнүн опуртал кыймылы жана орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын саламаттыгы Евробиримдикти тынчсыздандырып турганын белгиледи.

Боррель Орусия Украина менен чектешкен аймактарга жана аннексияланган Крымга 150 миңден ашуун аскерин жайгаштырганын билдирди. Бирок Боррель бул маалымат кайдан алынганын айткан жок.

Буга чейин Киев украин чек арасын бойлой Орусиянын 80 миңдей аскери турганын жарыялаган.

Мурда болуп көрбөгөндөй күчтөрдүн топтошуусу кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн экенин айткан Жозеп Боррель Орусияны чыңалууну азайтууга чакырды.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынына Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да катышты. Ал Орусияны агрессияга айыптап, биримдикти ага каршы таасир эте тургандай ар бир тармак боюнча санкцияларды киргизүүгө үндөдү.

Чехиянын Орусияга карата айыптоолору да каралып, орусиялык тыңчылардын 2014-жылы Врбетице кыштагындагы аскердик кампадагы жардырууга тиешеси болгону талкууланды. Боррелдин айтымында, Прага тилектештик үчүн Евробиримдиктин калган мүчөлөрүнө орус дипломаттарын аймактарынан чыгарууга чакырган эмес.

Булак: Азаттык