Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 37

Орус бийлиги чехиялыктарга 19-апрелде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды.

Кремль бул кадамга Чехия 2014-жылкы жарылууга байланыштуу Орусиянын 18 дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алгандан кийин барды.

Орус бийлиги чехиялыктарга 19-апрелде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды. 17-апрелде чех премьер-министри Андрей Бабиш Чехиянын коопсуздук кызматтарынын Врбетицедеги жарылууга байланыштуу "анык далилдеринин" негизинде тыңчы деп шектелген орусиялык 18 дипломат өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган.

Мындан тышкары чех полициясы ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын эки тыңчысын издеп жатышканын билдирген. Бул адамдар Британияда Орусиянын мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырууга байланыштуу айыпталган.

АКШ, Британия жана НАТО Орусиянын "кооптуу аракеттерин" ачыкка чыгарган Чехияны колдой турганын билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Чехиянын айыбын "акылга сыйгыс" жана "чагым" деп мүнөздөп, ага жооп берерин жарыялаган.

Булак: Азаттык