Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 127

15-апрелде Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Батыш өлкөлөрүнө кайрылуу жасады.

Анда Украинанын чек арасына жакын жерде орус аскерлеринин көбөйүшүнөн улам чыңалуу күчөп турганын айтып, Балтика өлкөлөрүнөн Киевге «практикалык жардам» сунушу менен Европа Биримдигинин жана НАТОнун башка мүчөлөрүнө кайрылууну өтүндү.

Ошондой эле «Москва украин мамлекеттүүлүгүн жок кылуу аракети менен коркутуп жатат», — деп кошумчалады.

Акыркы учурда Орусиянын куралдуу топторунун аскерлери Крымда жана Украинанын чек арасында жүргөндүгүн тастыктаган видео сүрөттөр интернетке жарыяланган.

Бейшемби күнү АКШ куралдуу күчтөрүнүн Европалык командасынын башчысы, генерал Тод Уолтерс жакынкы бир нече жумада Орусиянын Украинага басып кирүү коркунучун «төмөн жана орто» деңгээлде баалаган.

Булак: Маралфм