Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 57

АКШнын Москвага каршы жаңы санкциялары Орусиянын суверендүү карызын бутага алынат.

Бул тууралуу New York Times булагы жазды.

Bloomberg маалымат агенттигинин буга чейинки берген маалыматында, Вашингтон Орусиянын 12 жаранына, 20 уюмуна чектөө чараларын колдонуп, 10 дипломатты өлкөдөн чыгара тургандыгын жазган. Бул аракеттер шайлоого кийлигишүүсү жана киберчабуулдардан улам колдонулуп жатканын кошумчалаган.

Wall Street Journal гезити АКШнын президенти Жо Байден америкалык банктардын Орусиянын мамлекеттик карыздары менен соода жүргүзүүгө тыюу салууну күчөтүү жарлыган жазып чыккан.

АКШга жасалган киберчабуул декабарь айында белгилүү болгон. Бул киберчабуулга Орусиянын тиешеси бар деп Американын чалгындоо агенттиктери айтышууда. Бирок, кийинчерээк киберчабуулду уюштуруучулар купуя маалыматка ээ болгонун моюндашкан.

Булак: Маралфм