Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 88

Кечээ, 13-апрель күнү АКШ президенти Жо Байден Орусия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Байден Украина менен болгон чыңалууну азайтуу үчүн чара көрүүгө чакырып, үчүнчү бир мамлекетте жолугушуу сунушун берди. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты жазды.

Байден Крым жана Украина менен чектешкен аймакта орус аскерлери күчтөндүрүлгөнүнө тынчсыздануусун айтып, бул өлкөнүн эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүнө АКШ кызыкдар экенин билдирген. Ошондой эле эгер Орусия киберчабуул жасоого жана шайлоолорго аралаша турган болсо, Вашингтон менен НАТО Киевди колдой турганын кошумчалаган.

Кремль өз билдирүүсүндө АКШ президенти эки мамлекет башчынын ортосунда «жакынкы келечекте» саммит өткөрүүнү сунуштаган, бирок Орусия лидери бул сунушка макул же макул эместигин айткан жок.

Акыркы учурда Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүгү Украинанын чек арасына жакын аймактарына жана Крым жарым аралына көчүрүлүп келгенин соцтармактардагы жарыяланган сүрөт, видео жана башка даректик маалыматтар тастыктаган.

Булак: Маралфм