Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 51

Тоолуу Карабахтагы жаңжал 2020-жылдын ноябрь айында үч тараптуу билдирүүгө кол коюу менен тынчтык жолго келип, бул чөлкөмдүн бир нече аймагы Азербайжанга өткөн.

Азербейжан президенти Ильхам Алиев 2020-жылы Карабах тирешүүсүндө Азербейжан тарабынан жок кылынган Армениянын курал-жарактары 5 млрд долларга бааланганын билдирди. Бул тууралуу Алиев Бакудагы согуш трофей паркынын ачылыш аземинде айтты.

Ошондой эле согуш учурунда Армениянын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн жети С-300 зениттик-ракеталык тутуму, 125 артиллериялык мылтык, 366 танк, 50дөн ашык башка зениттик-ракеталык система, 522 жүк ташуучу унаа жок кылынганын кошумчалады.

Тоолуу Карабахтагы жаңжал 2020-жылдын ноябрь айында үч тараптуу билдирүүгө кол коюу менен тынчтык жолго келип, бул чөлкөмдүн бир нече аймагы Азербайжанга өткөн.

Согуш аракеттери аяктагандан бери Орусиянын тынчтык орнотуу контенти иш алып барып, курамында 1960 аскер кызматкери коопсуздукту камсыз кылып турат. Апрель айынын башында орус аскерлери жарылбай калган 1912 гектар 587 чакырым жолду снаряддардан тазалап, 25 миң 415 жарылуучу зат табылганын кабарлашкан.

Булак: Маралфм