Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 156

Ханзааданы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-апрелде болот.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы канзаада Филиптин тажиясына катышпоону чечти. Жонсон мындай чечимди пандемиялык чектөөлөргө байланыштуу тар чөйрөдө өткөрүлө турган акыркы сапарга узатуу салтанатына падышанын үй-бүлөсүнүн дагы мүчөлөрү катыша тургандай кылып кабыл алды.

Ханзааданы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-апрелде болот. Пандемияга каршы күрөштөгү чектөөлөргө ылайык, акыркы сапарга узатууга 30 адам катыша алат. Ага ханыша Елизавета II жана маркумдун балдары жана неберелери катышат. Жонсон салтанаттагы ордун королдук үй-бүлө мүчөсүнө бошотууга макул болду.

Жонсондун кеңсесинин билдирүүсүндө, премьер-министр ар дайым падышанын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгында иш алып барууга умтулуп келген жана ошондуктан ушундай кылып жатат.

Өлкөдө ханзаада каза болгондугуна байланыштуу сегиз күндүк аза күтүү жарыяланып, падышанын үй-бүлөсү 30 күнгө чейин аза күтүшөт. Андан кийин ханыша өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн кайтып келет.

Канзаада Филип 9-апрелде 99 жашында көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына чектелген сандагы катышуучулар катышат, бирок каалоочулар аны сыналгыдан көрө алышат. Падышалык үй-бүлө элден маркумга таазим кылуу үчүн Виндзор сарайына келбөөнү суранды.

Булак: Маралфм