Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 127

Мындай чара Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия менен макулдашуу боюнча, ошондой эле Европа Биримдик менен тилектештикте көрүлүп жатат.

Канада Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда адам укуктарын бузууга байланыштуу Кытайдын 4 жаранына жана бир уюмга карата санкция киргизгендигин жарыялады. Бул тууралуу Канаданын тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Бүгүн Канада Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда адам укуктарын одоно жана системалуу түрдө бузууга катышкандыгына байланыштуу атайын экономикалык чаралардын алкагында (Кытай Эл Республиксы) төрт чиновникке жана бир юридикалык жакка каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Мындай чара Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия менен макулдашуу боюнча, ошондой эле Европа Биримдик менен тилектештикте көрүлүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

2018-жылы августтун аягында БУУнун расалык дикстриминацияны жоюу боюнча комитетинин эксперттери Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда 1 миллионго чейин этникалык уйгурлар «кайра тарбиялоо легерлеринде» болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Буга комментарий берген кытай ТИМи «кайра тарбиялоо легерлеринде» уйгурларды кармоо тууралуу маалымат далилденген эмес жана чындыкка дал келбейт деп билдирген. Кытай бийлиги Синьцзянга байланыштуу көйгөйлөр эч кандай адам укугу, этникалык жана диний эмес, Синьцзян көйгөйү зордук-зомбулук, терроризм жана сепаратизм маселелерине байланыштуу деп ырастап келет.

Булак: РИА Новости