Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 135

Ливандагы нааразычылыкта 200дөн ашуун киши жабыркады

Ливандын Триполи шаарында өткөн коронавирустук чектөөлөргө каршы нааразылык акциялары учурунда 200дөн ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Бийлик демонстранттарды кууп таратуу үчүн армияны колдонгон. Ливан ИИМи билдиргендей, нааразылыктын катышуучулары полиция менен аскерлерге согуштук гранаталарды, мэрияга «Молотов коктейлдерин» ыргытышты.

Ливандын жакыр шаарларынын бири болгон Триполиде нааразылык жыйындары жума башында башталган. Демонстранттар жашоо-шартын жакшыртууну, пандемияга байланыштуу киргизилген коменданттык саатты жана башка катаал чараларды алып таштоону талап кылышууда. Алардын пикиринде, изоляция экономикалык каатчылыкты жеңүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Өлкөдө банк системасы дээрлик толугу менен ишин токтотуп, жашоочулардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөөдө жана криминалдык кырдаал курчуп баратат.

Нааразылык акциялары Ливандын башка шаарларында да өтүүдө.

Ливан бийлиги COVID-19 вирусунун жаңы толкуну тарагандан кийин – былтыр декабрдын ортосунда өзгөчө кырдаал абалын киргизген. Бардык жеке жана мамлекеттик ишканалар жабылган. Өлкөдө Сириядан жана Палестин автономиясынан качып келген дээрлик эки миллиондой качкын да жашап жатат. Бул өлкөнүн абалын ого бетер алсыратууда.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Ливанда 290 миң кишиден вирус аныкталып, 2500дөн ашуун бейтап көз жумду.

Булак: Маралфм