Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 108

 АКШнын “Новавакс” компаниясы өз вакцинасынын натыйжалуулугу тууралуу шардана кылды

АКШдагы “Новавакс” (“Novavax”) компаниясы өзүнүн COVID-19 илдетине каршы вакцинасынын натыйжалуулугу дээрлик 90 пайызды камтыгандыгын жарыялады. Бул вакцина Улуу Британияда сынактан өткөн. 28-январда “Новавакс” компаниясынын билдиргенине караганда, бул вакцина коронавирустун жаңы түрлөрүнө да каршы колдонула ала тургандыгы тастыкталды, бирок Түштүк Африкадан дүйнө жүзүнө тездеп жайылып жаткан коронавирус түрүнө анын таканчык кылуусу салыштырмалуу төмөнүрөөк болуп жатат.
Эми дүйнөдөгү саламаттык сактоо мекемелери Улуу Британия, Бразилия жана Түштүк Африкадан чыккан коронавирус түрлөрүнө каршы эмдөө аракеттери мындан ары кандайча жүрөт деп санааркай башташты.

“Moderna” жана “Pfizer/BioNTech” компаниялары ушул аптанын башында өздөрүнүн вакциналары Түштүк Африкадан таркалган вирустун жаңы түрүнө кыйла чабалдык кылаарын айтып чыгышкан.

“Новавакс” компаниясы Улуу Британияда 15 миң киши иликтөөгө алынганда, өз вакцинасы 89,3 пайыз натыйжалуулукту көрсөткөнүн маалымдады.
Бул сынак маалында Улуу Британияда коронавирустун жайылышы бл өлкөдө табылган вирустук жаңы түрдүн айынан кескин жогорулап жаткан.

Ал эми ушул эле вакцина Түштүк Африкада ортолоп калган дары сынакта ВИЧке кабылбаган бейтап калайыктын арасында 60 пайыздык гана көрсөткүчтү түзүп жатканы айгинеленди. 

Булак: Азаттык