Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 124

АКШда өспүрүмдөр «лайк» үчүн адам өлтүрүштү

АКШда 4 өспүрүм камакка алынды. Алар Луизиана штатындагы соода борборунда кичинекей кызга бычак менен кол салышкан.

«Зе Дэйли Дот» («The Daily Dot») басылмасы жазгандай, кармалгандардын ичинен бир кызга адам өлтүрүү айыбы тагылды. 4 өспүрүм тең жашы жете электердин абагына камакка алынды.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, өспүрүмдөрдүн бири 15 жаштагы кызга бычак сайган. Алар окуяны Фейсбук жана Инстаграмда түз эфирде көрсөтүшкөн.

Видеодо айып тагылган өспүрүм маркумдун жүрөгүнө бычак сайганын билдирген. Жабыркаган кыз ооруканада каза болгон.

Кармалган өспүрүмдөр 12-14 жаштарда.

Булак: Баракелде