Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 142

Бизнес катары эмес, ишмердүүлүктүн бир түрү катары вино өндүрүү менен алектенип көрмөкмүн.

Россиянын лидери Владимир Путин президенттик кызматтан кеткенден кийин вино өндүрүү менен алектениши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал студенттер менен жолугушканда айткан.

«РБК» басылмасы жазгандай, студенттер Путинден оппозиционер Алексей Навальныйдын Геленжик шаарындагы 100 млрд долларга курулган хан сарай тууралуу иликтөөсү жөнүндө сурашкан.

«Хан сарай мага, менин туугандарыма таандык эмес», - деп билдирген Путин.

Ал иликтөөдөн бир гана нерсеге кызыкканын белгиледи.

«Бизнес катары эмес, ишмердүүлүктүн бир түрү катары вино өндүрүү менен алектенип көрмөкмүн. Менин Борис Титов деген кеңешчим бар, ал «Абрау-Дюрсо» деген ири компаниянын ээси. Президенттик кызматты жыйынтыктагандан кийин балким ага кеңешчи болуп барам. Бирок бизнесмен катары эмес, адис катары, мисалы укук тармагында», - деди Путин.

Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду жарыялаган «Путиндин хан сарайы» деген иликтөөдө 300 гектар жердеги вино өндүргөн завод жөнүндө да айтылат. Навальный бул жүзүм өстүрүлүп, вино өндүрүлгөн комплексти Путин менен байланыштырган. Анын айтымында, комплексти курууга жана иштетүүгө мамлекеттик компаниялар, Путин менен тааныш бизнесмендер катышкан. Навальный аталган жайды Россиянын атайын кызматтары кайтарышарын белгилеген.

Кремль бул айыптоолорду четке каккан.

«РБК» басылмасы жазгандай, 2020-жылы декабрда Путин кийинки президенттик шайлоого катышарын чече элек экенин айткан. Россияда кийинки президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт. Путин формалдуу түрдө эл уруксат бергенин белгилеген.

Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, Путин 2024-жылы жана 2030-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөтө алат.

Булак: Баракелде