Орусияда ишембиде кагылышуулар болуп, 3 миңден ашуун демонстрант кармалды
Орусиянын ар кыл аймактарында 23-январдагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну жана жемкорлукка каршы күрөштү талап кылган нааразылык жыйындары маалында айрым шаарларда демонстранттар менен полиция кагылышкандыгы жана 3 миңден ашуун киши кармалгандыгы кабардалды.
Навальныйдын жубайы Юлия Навальная да Москванын Большая Дмитровка аймагында убактылуу кармалып, бир нече сааттан кийин кайра бошотулду.

Татарстандын борбору Казандагы демонстранттар тобу. 2021-жылдын 23-январы.
Ар башка шаарлардын нааразылык жыйындарынын өзгөчөлүктөрү байкалды. Маселен, Якутск шаарында митинг 50 градус суук кырдаалда өттү. Чита шаарында полиция митингчилерди таркатпай койгондугу үчүн демонстранттардын алкоосуна татыды. Саратов шаарында да полиция жыйылгандарга тынч гана байкоо жүргүздү.

Москвадагы демонстранттарды кармоо учуру. 2021-жылдын 23-январы.
Калган көп шаарларда коопсуздук күчтөрү демонстрантты кармап кетээр алдында ур-токмокко алган сыяктуу зомбулук аракеттерге барган окуялар катталды.
Москва шаарында бери дегенде 40 миңдей киши чогулгандыгын “Рейтерс” кабар агенттиги жазды. Тверская көчөсү жана Пушкин аянты жык-жыйма толгондугу видео тасма аркылуу да көрүнүп турду.
Булак: Азаттык