Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 157

АКШнын жаңы шайланган президенти Байден ыйлап жиберди

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден кичи мекени болгон Делавэр штатынын Уилмингтон шаарында коштошуу сөзүн сүйлөдү. Ал бүгүн, 20-январда Вашингтонго көчүп барат.

Байден сөзүн үй-бүлөсүнө, командасына жана досторуна ыраазычылык билдирүү менен баштады. Андан кийин ыйлап жиберди. Иш-чара Байдендин каза болуп калган уулунун ысымы берилген Улуттук гвардиянын борборунда өтүп жаткан.

«Бул мен үчүн кичине эмоционалдуу. Мен каза болгондо Делавэр жүрөгүмө, бардык Байдендердин жүрөгүнө жазылып калат», - деди жаңы президент.

Сөзүнүн аягында Байден каза болгон уулу жөнүндө айтып жатып көз жашын тыя алган жок.

«Менин бир гана өкүнүчүм бар, ал — уулумдун ушул жерде болбогону», - деди Байден.

Бүгүн, 20-январда Вашингтондо Байдендин салтанаттуу ант берүү аземи өтөт.

Булак: Баракелде