Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 84

АКШ Байдендин ант берүү аземине даярданып жатат. Трамптын тарапташтарынын аракети кандай болот?

АКШда жаңы шайланган президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө даярданып жатышат. Ант берүү аземи 20-январга белгиленген.

«Би-Би-Си» маалымдагандай, бийлик Трамптын тарапташтарынын боло турган нааразычылык акциясына да даярданууда. Улуттук Гвардиянын аскерлери 6-январдагы баш аламандык кайталанбашы үчүн Вашингтонго жөнөтүлүүдө. Буга чейин Федералдык тергөө бюросу 16-январдан 20-январга чейин бардык штаттардын борборлорунда радикалдык топтордун куралдуу жүрүштөрү болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Айрым шаарларда мамлекеттик имараттар темир зымдар менен тосулса, кээ бир шаарларда активисттер митинг өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды. Трамптын куралдуу тарапташтары бир нече штатта чакан топторго чогулушту, бирок алардын иш-аракеттери полиция менен кагылышууга алып келген жок.

Огайо штатындагы Колумбус шаарындагы Конгресстин имаратынын алдына радикалдык «Boogaloo» кыймылынын 25 чакты жактоочулары чогулушту. Буга чейин «Boogaloo» кыймылынын айрым жактоочулары куралдар менен бийликти Байденге өткөрүп берүүгө каршы чыгууга чакырышкан.

Бир нече куралчан демонстранттар Техас, Орегон жана Мичигандагы мыйзам чыгаруу имараттарына бет алышты. Вашингтондо, Капитолийдин жанындагы полиция кызматкерлери 22 жаштагы жигитти «Glock» тапанчасы менен кармаган. Штаттын мыйзамдары АКШнын борборуна жарандардын курал алып жүрүүсүнө тыюу салат. Ишемби күнү ал жерде АКШ президентинин администрациясында иштеген полиция кызматкеримин деп Капитолийге кирүүгө аракет кылган аял камакка алынды. Бирок ишемби жана жекшемби күндөрү Трамптын тарапташтарынын масштабдуу нааразычылык акциялары болгон жок.

Полиция Нью-Мексиконун жергиликтүү кызматкерин дагы камакка алды, ал Байдендин инаугурациясына каршы курал-жарак менен нааразычылыгын билдирүүгө даяр экенин билдирген.

Күчөтүлгөн коопсуздук чаралар АКШда Жо Байдендин ант берүү аземи аяктаганга чейин иштей берет.

Булак: Баракелде