Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 70

Навальныйдын камакка алынышы боюнча Дмитрий Песковдун пикири

 Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков оппозиционер Алексей Навальный аэропортто кармалганы тууралуу пикирин билдирди.

«Кечиресиздер. Ал Германиядан кармалдыбы? Мен бул иш менен кабардар эмес экенмин», - деди Песков.

Ал бүгүн анын эмгек өргүүсүнүн акыркы күнү экенин жана эмне болуп жатканына көз салбаганын кошумчалады.

Россиялык оппозиционер Алексей Навальныйды 17-январда «Шереметьево» аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Навальный Москвага Берлинден учуп барган болчу. Саясатчы соттун чечими чыкканга чейин камакта болот.

Булак: Баракелде