Байден “Американы куткаруу планын” сунуштады

АКШнын шайланган президенти Жо Байден бейшемби күнү кечинде коронавирус пандемиясынан жабыркаган америка экономикасына көмөктөшүү боюнча 1,9 триллион долларлык планын тааныштырды.

“Американы куткаруу планы” деп аталган стратегия калкка акчалай жардам берүү, чакан бизнеске жардам берүү жана эмдөө чыгымдарын камтыйт.

Байдендин айтымында, “улут ден соолугун сактап калуу үчүн азыр ишке киришүү керек”. Планды ишке ашырган соң анын пайдасы чыгымды толук жабат.

“Бул инвестиция жаңы жумуш орундары катары кайтат, ошентип экономикалык чыгымдардын орду толот. Каатчылык учурунда кол куушуруп отура албайбыз”, – деди Трамп.

Планга ылайык, бир триллон долларга жакын каражат миллиондогон америкалыктарга бир ирет берилүүчү төлөм катары таратылат. 415 миллиард доллар пандемияга каршы күрөшүүгө жана эмдөөгө жумшалат. Дагы 440 миллиард доллар чакан бизнести колдоого бөлүнөт.

Байдендин планына караганда, ижарага берилген үйлөрдөн кишилерди чыгарууга жана банк тарабынан мүлктөрдү алып коюуга киргизилген мораторий сентябрга чейин узартылат. Эң төмөнкү маянаны федералдык деңгээлде эки эсеге – саатына 15 долларга көтөрүү пландалууда.

АКШ Конгрессиндеги демократтардын лидерлери шайланган президенттин программасын кубатташууда.

Булак: reporter.kg