Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 135

Германиядагы рекорд: Бир суткада 1244 адам коронавирустан көз жумду

Германияда акыркы суткада коронавирустан 1244 бейтап көз жумду. Саясатчылар жана дарыгерлер жакынкы арада кырдаалдын жакшырышын күтпөй эле койсо болорун айтты.

«Euronews» телеканалынын берген маалыматына караганда, өлкөгө карантин январь айынын аягына чейин киргизилген. Бийликтегилер мындан да катаал «мега-локдаунду» киргизүүнү карап жатышат. Эгер бул чектөө кирсе, өлкөдөгү коомдук транспорттун бардыгы токтойт.

Ал эми Францияда коомдук транспорттор жана дүкөндөр иштеп жатат. Бирок комендаттык саат режими мурдагыдан да катаалдады. Тактап айтканда, саат 18:00дөн тарта көчөгө чыгууга болбойт (мурда 20:00дөн баштап көчөгө чыгууга тыюу салынган). Бул режим эки жумадан кийин гана жокко чыгарылышы мүмкүн.

«Коменданттык сааттын күчөтүлүшү алдын алуу иш-чараларынын логикасына ылайык жүрөт. Бул биздин күчтөрдү тең салмакташтырууга жана өткөн жылы эки жолу кайрылууга аргасыз болгон катаал чаралардын киргизилишине жол бербөөгө аракет кылууга мүмкүндүк берет», - деди Франциянын премьер-министри Жан Кастекс.

Испанияда акыркы суткада 100 миң адамдын беш жүзү оору жуктурду. Андалусия, Мурсия Кастилия-Леон автономдуу жамааттарынын бийликтери борбордук өкмөттөн жарандарды үйдөн чыгарбоо режимин киргизүү укугун жана мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранды.

Швецияда пандемия башталгандан бери оору жуктурган адамдардын саны 10 миңден ашты. Бирок бийлик коомдук транспортто бет кап тагынуудан башка чектөөлөрдү киргизе элек.

Булак: Баракелде