Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 120

Дональд Трамп Американын эки жолу импичмент маселеси каралган биринчи президенти болду

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трампка импичмент жарыялаоо маселесин карады. Жыйынтыгында 232 адам колдосо, алардын ону республикачылар. Ал эми 197 адам каршы чыккан.

Резолюциядагы маалыматты карасак, өлкө башчынын иш-аракети «оор кылмыш жана жорук» деген жүйөгө жакын. Муну менен Дональд Трамп Американын тарыхында төмөнкү палата эки жолу импичмент маселесин караган биринчи президент болуп калды.

Ал эми бул чечимди бекитүүчү Сенат маселени жаңы президенттин ант берүү аземинен кийин карай турганын айтышкан.

Импичмент документке спикер Нэнси Пелоси кол койгондон кийин күчүнө кирди. Бирок акыркы чечимди Сенат кабыл алат.

Буга улай Трамп видеокайрылуусун жарыялап, зомбулук менен Капитолийдеги окуя тууралуу айтты. Бирок ага карата айтылган импичмент тууралуу эч нерсе айткан эмес.

«Силер оң же сол тарапчыл, демократ же республикачыл болсоңор да зомбулук үчүн актанууга болбойт. Эч качан. Америка — бул мыйзамдардын өлкөсү. Өткөн жумадагы кол салууга катышкандар жоопкерчиликке тартылат», - деди Трамп.

Анын айтымында, жашыруун кызмат ага берген маалыматта жакынкы күндөрү Вашингтондо жана өлкөнүн бардык аймагында жаңы демонстрациялар боло турганы тууралуу айтылган.

Булак: Баракелде