Экзит пол: Казакстандагы парламенттик шайлоодо "Нур Отан" партиясы жеңишке жетишти

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жетектеген “Нур Отан” партиясы парламенттин төмөнкү палатасына өткөн шайлоодо жеңишке жетишти. Бул тууралуу “Коомдук пикир” институту жүргүзгөн экзит-полдун жыйынтыгында айтылат.

Сурамжылоого ылайык, башкаруучу партия шайлоочулардын 70% көбүнүн добушуна ээ болгон. Мындан тышкары парламентке дагы эки партия – "Ак жол" менен Казакстандын калк партиясы өтөт. Бул партиялар бийликти жактайт жана мажилистин азыркы курамында да бар. Шайлоого катышкан калган эки партия мандатка ээ боло албай калды. Расмий маалымат боюнча шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 63% катышты.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-январда Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы эсептелген мажилистин жана бардык деңгээлдеги маслихаттардын (жергиликтүү кеңеш) депутаттарын шайлоо өткөн.

Шайлоого өлкөдөгү алты саясий партиянын бешөө катышкан: «Казакстандын элдик партиясы», «Нур Отан», «Ауыл», «Ак жол» жана «Адал».

Булак: Кабар