Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 68

Назарбаев небереси Айсултандын өлүмү тууралуу алгачкы жолу үн катты

Айсултан Назарбаев 2020-жылдын август айында каза болгон. 30 жаштагы жигит бир нече жылдан бери баңгиликке кирип кетип, айыга албай жүргөн.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултандын өлүмү боюнча алгачкы жолу үн катты.

Ал тууралуу Назарбаев "Штрихи к портрету" даректүү тасмасында айтып берген.

"Абдан мыкты жээн неберелерим бар. Тилекке каршы, өткөн жылы (2020-жылы. — ред) алардын биринен айрылып калдык. Ал мага аябай окшош эле, ошол неберемдин эрте өтүп кеткенине катуу капаландым", — деди Назарбаев.

Ал Айсултан баңгизатка берилип кеткендиктен көптөгөн өлкөлөрдө дарыланганын кошумчалады.
"Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок, бирок кармай да албай калдык. Ал баңгизаттын кулуна айланып, токтоно албай калган. Москвада, Лондондо дарыладык. Жакшынакай болуп чыгып калат дагы, кайра эле берилип кетчү", — деди биринчи президент.

Айсултан Назарбаев 2020-жылдын 16-августунда 30 жаш курагында каза болгон.

Булак: sputnik.kg