Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 172

Вашингтондо Трамптын тарапташтары нааразычылык акциясына чыкты. 

Вашингтондо учурдагы президент Дональд Трамптын он миңдеген тарапташтары президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушууда. Расмий маалыматтарга караганда, президенттик шайлоодо демократ Жо Байден жеңип чыккан. Бул туурасында «РИА Новости» билдирет.

Басылманын маалыматы боюнча, Ак үйдүн түштүгүнө чогулган миңдеген адамдар, Трамптын сөзүн күтүп жатышат. Андан кийин Капитолийге жөө жүрүш пландаштырылууда, ал жерде Конгресстин палаталарынын биргелешкен сессиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитиши керек.

«Биз жөн гана президент Трампты колдоо үчүн келдик. Трамптын жеңишке жетиши үчүн эми кандай кадамдарга баруу керегин түшүнбөй жатам», - деди чогулгандардын бири.

Расмий маалыматка ылайык, Жо Байден шайлоодо жеңишке жетти. Демократ 306 добуш алды, бирок Трамп дагы деле жеңилгенин мойнуна алган жок. Ал вице-президент Майк Пенсти конгресстин салтанаты учурунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын карап чыгууга чакырат. Ошол эле учурда, Пенстин мындай ыйгарым укуктары жок. Мыйзамга ылайык, ал добуштарды эсептөөгө гана жетекчилик кылат. Конгресстин мүчөлөрү гана мүмкүн болгон каршы пикирлерин билдириши мүмкүн.

6-январда Трамп Жоржия штатында сүйлөп жатып Ак үйдү Байденге «бербейм» деп убада берген. Америкалык лидер ошондой эле эгер демократиялык партия Сенатты жана администрацияны «ээлеп алса», президенттик кызмат үчүн «тозоктуу согушту» баштоо планы бар экендигин жарыялаган.

Кийинки мамлекет башчы 20-январда ант берет.

Булак: Баракелде