Армениянын президенти Армен Саркисян коронавирус жуктурду.
Бул тууралуу президенттик администрация билдирди. Ал 67 жашта.
COVID-19 оорусунун белгилери байкалгандан кийин Лондондо тест тапшырган. Ал Лондонго эмгек өргүү учурунда бутуна операция жасатуу үчүн барган.
Эми ал аралыктан иштейт.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да карантинге кетүүнү чечкен. Ал үй-бүлөсү менен коронавирус оорусун жуктурган.
Булак: Баракелде