Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 163

АКШда коронавируска каршы вакцинанын дозасын азайтуу сунушталды

Коронавируска каршы эмдөөнү тездетүү үчүн американын бийлиги «Moderna» америкалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан вакцинанын жарым гана дозасы менен калктын айрым бөлүктөрүн эмдөө мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

АКШ өкмөтүнүн тездетилген вакциналарды иштеп чыгуу жана бөлүштүрүү программасынын алкагында окумуштуулар тобун жетектеген Монсеф Слауи расмий өкүлдөр «Moderna» ишканасы менен АКШнын медициналык көзөмөлдөөчү органы бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, деп билдирди.

Анын айтымында, мындай ыкма бирдей көлөмдөгү вакцина менен «эки эсе көп адамдарды» эмдөөгө мүмкүндүк берет.

Булак: Баракелде