Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 147

Жо Байден түз эфирде коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден 21-декабрда көпчүлүктүн катышуусунда коронавируска каршы эмдөө алды. Бул процесс түз эфир аркылуу чагылдырылып турду.

78 жаштагы саясатчы жана анын жубайы эмделүү үчүн «Biontech» жана «Pfizer» компаниялары өндүргөн вакцинаны тандашкан.

Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки мындай ачык жараян коомчулукка вакцинанын коопсуздугун далилдөө үчүн жасала турганын айткан болчу.

Буга чейин АКШнын вице-президенти, кызматтан кетип жаткан Майк Пенстин «Biontech» жана «Pfizer» вакциналарын алып жатканы түз эфирде чагылдырылган.

Булак: Маралфм