Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 121

Америкада Трамптын тарапташтары менен каршылаштарынын ортосунда ок атышуу болду

 Американын Вашингтон штатындагы Олимпиа шаарында АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары менен каршылаштарынын ортосундагы кагылыштан улам ок атышуу болду. Бул тууралуу «NBC» жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен билдирет.

Полициянын маалыматы боюнча, атышуунун кесепетинен бир адам жаракат алды. Бул иш боюнча шектүү кармалды. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эки тарапта тең куралданган адамдар бар экендигин белгилешти.

Буга чейин учурдагы президент Дональд Трампты колдоп, митингге чыккан АКШнын тургуну беткап кийбей эки аялдын жанында дем алгандыгы үчүн бейбаштык боюнча айыпталган.

АКШдагы президенттик шайлоодо Жо Байден көпчүлүк добушка ээ болуп, учурдагы президент Дональд Трампты артта калтырган.

Булак: Баракелде