Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 113

Грузия өкмөтү отставкага кетти

Жаңы парламент иштей баштагандыгына байланыштуу Грузия өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу «ТАССка» жума күнү өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Өкмөт отставкага кетти. Бирок премьер-министр жана министрлер кабинети толугу менен иштеп жатат», - деди басма сөз кызматкери.

Конституцияга ылайык, Грузия парламенти эки жума ичинде өкмөттүн жаңы курамын бекитиши керек. Эгерде бул ишке ашпаса, анда президент мыйзам чыгаруу органын таркатып, кезексиз парламенттик шайлоону дайындайт. Алдын ала маалыматтарга караганда, башкаруучу «Грузин кыялы - Демократиялык Грузия» партиясы 2019-жылдын сентябрь айынан бери министрлер кабинетин жетектеп келген Георгий Гахарияны премьер-министрдин кызмат ордуна кайрадан көрсөтүүнү көздөп жатат.

Булак: Баракелде