Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 127

АКШнын жараны 2 баласын өлтүрүп, башка эки уулун ачка кармап келген

АКШнын Калифорния штатынын 34 жаштагы тургуну балдарын өлтүрүүгө айыпталып жатат. Окуянын чоо-жайын «Лос-Анжелес Таймс» басылмасы жазды.

Морис Жуэл Тейлордун үйүнөн газ чыгып жатышы мүмкүн деген маалымат келип түшкөндөн кийин ал жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барган. Үйдөн полиция кызматкерлери баштары кесилген эки баланын денесин табышкан. Каза болгон балдар 12 (эркек бала) жана 13 жашта (кыз) болчу. Алардын жансыз денелери 5 күн бою үйдө сакталып келген. Морис Жуэл Тейлор каза болгон балдарынын денесин 8 жана 9 жаштагы балдарына көрсөтүп, аларды да эки бөлөк бөлмөдө ачка кармап келген.

Морис Жуэл Тейлор балдарын өлтүрүүгө жана балдарына зомбулук жасоого айыпталууда. Ал максималдуу түрдө 57 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми балдардын апасы үйдө болчу, бирок ал кылмышка шектелбей эле. Лос-Анжелестин полиция департаментинин өкүлү балдардын апасы тергөөчүлөр тарабынан суракка алынып жатканын айтты.

Булак: Баракелде