Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 107

Трамп “талаштуу” делген 4 штаттагы Байдендин жеңишин кайра карап чыгууну талап кылууда

АКШ президенти Доналд Трамп өлкөнүн Жогорку сотуна 17 штаттын өкүлдөрү менен бирдикте арыз менен кайрылып, президенттикке шайланган демократ Жо Байдендин “талаш-тартыштуу болуп калды” делген 4 штаттагы жеңишин четке кагуу өтүнүчү камтылган Техас штатынын Башкы прокурорунун соттук арызына байланыштуу сот жүрүмүн баштоого чакырды. 8-декабрда АКШнын Жогорку соту Пенсилвания штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Трамптын өкүлдөрүнүн арызын четке каккан. Буга байланыштуу 9-декабрда Техас штатынын Башкы прокурору, республикачы Кен Пакстон сотко арыз тапшырып, жыйынтыгы бүдөмүк делген төрт штаттагы Байдендин жеңишин жокко чыгаруу талабын айткан.

Дегиңкиси, Трамптын өкүлдөрүнүн арызынын Пенсилвания штаты жаатындагы арызынын Жогорку сот тарабынан четке кагылышы Трамп үчүн өзгөчө оор сокку болуп калды. Трамптын жактоочулары жана аларды колдогон республикачылар өлкө боюнча 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жаатында сотторго карата майнапсыз арыздарды үстөккө-босток жазып келишти.
Жо Байден өлкө боюнча 7 миллиондон ашуун добушка атаандашынан көбүрөөк ээ болду. Президент катары шайлануу үчүн 270 шайлоочунун добушу керек болсо, ал 306 шайлоочунун добушуна ээ болууга жетишти, Трамп болсо 232 гана шайлоочунун добушун ала алды.

Ал эми Техас штатынын Башкы прокурору Пакстон өзүнүн сотко жазган арызында Жоржия, Мичиган, Пенсилвания жана Висконсин штаттарындагы 62 шайлоочунун Байденге берилди делген добушун жокко чыгаруу талабын билдирген. Пакстондун бул талабын 17 штаттын өкүлдөрү колдоп чыгышты. Алардын бардыгы тең жогорудагы 4 штатта добуш бурмалоолор арбын болду делген, бирок далилге таянбаган дооматтарды кайталап тим болушкан. Трамп да шайлоо одоно бурмаланды деген дооматтарын улам-улам кайталап айтып келе жатат.

Укук адистери Техастын Башкы прокурору Пакстондун бул арызы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу жалпы чечимге эч таасир тийгизе албай турган соңку далаалат болду деп баалап жатышат.

14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өзүнүн тагдыр чечээр отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт. Бирок буга чейин эле дүйнөнүн ири мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн лидерлери Жо Байденди президент болуп шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү. 

Булак: Азаттык