Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 145

Өзбекстандын жараны уктап жаткан кош бойлуу аялын, кайненесин жана 2 баласын мууздап салды

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда кош бойлуу жубайын, кайненесин жана 2 баласын өлтүргөн адам кармалды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдиргендей, Камашин районунун тургуну бул кылмышка кечээ, 9-декабрда кызганычтан улам барган.

Газета.уз басылмасы жазгандай, 1995-жылы туулган М.М. 1990-жылы туулган жумушсуз күйөөсү А.Х. менен март айында эле урушуп кетишкен. Жубайлар Камашин районунун Кызылтепе махаллесинде жашап келишкен. М.М. ажыраша турганын айтып, Яккабаг районунда жашаган 1965-жылы туулган апасы Н.Ш.нын үйүнө кетип калган.

Кылмыш 9-декабрда болжол менен саат 23:30да болду. Газета.уз басылмасы Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен А.Х. аялы башка адамдан кош бойлуу экенине шектенип, жанына 2 бычак алып, кайненесинин үйүнө дубалдан ашып өтүп кирип барганын жазды. Ал аялын, кайненесин, 8 жана 6 жаштагы балдарын мууздап, изин жашырып кеткен. Ошол учурда маркумдар уктап жаткан. Каза болгон балдар шектүүнүн өгөй балдары, тактап айтканда А.Х. маркум келиндин экинчи жолдошу болчу.

Аталган факт боюнча Яккаб райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалып, тергөө уланууда.

Булак: Баракелде