Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 136

 Индияда белгисиз оору менен ооругандардын канынан оор металлдар табылды.

Бул тууралуу бийликтеги «Бхаратия жаната» партиясынын депутаты Нарасимха Рао билдирди.

Делидеги адистер тарабынан ооруган адамдардан кандын анализи алынган. Анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, кандын көпчүлүк үлгүлөрдүндө коргошун, никель жана башка оор металлдар көбөйүп кеткендиги көрсөтүлгөн.

Оорунун белгилери жүрөк айлануу, талма жана эсин жоготуу болгон.

Жериликтүү бийликтин берген маалыматына караганда, белгисиз оорунун кесепетинен 561 адам жабыркаса, 450 адам оорудан айыккан.

Учурда Дели шаарындагы медициналык институттун дарыгерлери оор металлдын адамдын организмине кандай жол менен киргенидигин аныктап жатышат. Изилдөө үчүн оору чыккан аймактагы суунун, жабыркаган адамдар жеген тамактын үлгүлөрү алынган.

Индиянын Андхра-Прадеш штатында белгисиз илдет 7-декабрда катталган. Ооруканага 350дөн ашуун адам кайрылып, бир бейтап каза болгон.

Булак: Баракелде