Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 141

Дүйнөдө 66 млн адамга коронавирус жукту

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын саны 66 миллиондон ашты. Жонс Хопкинс университетинин акыркы эсеби боюнча дүйнөдөгү 191 өлкөдө 66 015 170 адамдан вирус тастыкталган.

Оорунун кесепетинен дүйнөдө 1 521 066 бейтап көз жумду.

14,3 млн жаранына коронавирус жуккан Америка Кошмо Штаттары вирус жуктурган адамдардын саны боюнча көп убакыттан бери 1-орунда.

Булак: Баракелде