Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 183

Жо Байден Висконсин штатында да жеңишке жетти

Америкадагы Висконсин штатынын губернатору Тони Эверс президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялап, штатта Жо Байден жеңишке жеткенин тастыктады.

«Бүгүн мен 3-ноябрдагы шайлоону жыйынтыктоо боюнча милдетимди аткардым жана штаттын, федералдык мыйзамдын талабы боюнча шайлоочулардын добушу шайланган президент Жо Байденге жана шайланган вице-президент Камала Харриске берилгенин тастыктаган күбөлүккө кол койдум», - деп жазды Эверс социалдык түйүндөгү баракчасына.

Америкада жалпы шайлоо 3-ноябрда өттү. 7-ноябрда Американын алдыңкы медиасы демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байденди жеңүүчү деп жарыялаган. Учурдагы президент Дональд Трамп шайлоо бүтө электигин, сотто өзүнүн жеңишин коргоого ниеттенип жатканын айткан.

Республикалык штаб добуштарды токтото турууну же кайра санап чыгууну, ошондой эле бир нече штаттардагы болжолдуу мыйзам бузууларды иликтөөнү талап кылган бир катар сот иштерин жүргүздү.

Булак: Баракелде