Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 119

Кытай тарыхында алгачкы жолу Айга учкучсуз станциясын жөнөттү.

"Чанъэ-5" деп аталган станция Жер шарынын орбитасынан ийгиликтүү чыкты. Кытайлык зонд (космосттук аппарат) айга жекшемби күнү, 29-ноябрда конору мерчемделүүдө.

"Чанъэ-5" станциясы эки жума “Океан Бурь” аймагында Айдын кыртышын чогултат. Бул аймак мурда изилденген эмес.

Миссия ийгиликтүү аяктаса, Кытай акыркы 44 жылдан бери Айдагы геологиялык үлгүнү ташыган долбоорду ишке ашырган мамлекет болуп калмакчы. Мындай миссияны мурда АКШ жана СССР ишке ашырган.

Америкалык аэрокосмостук агентиги (NASA) Кытай "Чанъэ-5" Айдагы миссиясынын жыйынтыгын эл аралык илимий коомчулук менен бөлүшөрүнө үмүт артат. Бул тууралуу NASAнын "Твиттер" баракчасында айтылат.

Булак: Азаттык