Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 59

Трамптын соту: Тирештин бүтөрүнө аз калды

Пенсильвания менен Мичиган АКШ президентин шайлоодогу добуштардын санын жарыялоого даярданууда. Неваданын шайлоо комиссиясы дагы кошумча 1 күн берүүнү суранды.

Аталган 3 штатта тең Дональд Трамптын командасынын арызына ылайык, добуштар кайрадан эсептелди. Буга чейин Аризон, Жоржия жана Висконсидеги добуштар кайрадан саналган болчу.

Демократтар бир нече ирет Трампты жеңилгенин моюндап, талаш-тартыш жаратпастан бийликти өткөрүп берүүгө чакырган. Бул чакырыкка кийинчерээк жогорку кызматты ээлеген республикачылар да кошулду.

Америкалык айрым саясатчылар Трамптын шайлоо жыйынтыгын тааныбаган аракеттери коомчулукка таасир этип, өлкөнүн системасына болгон ишенбөөчүлүктү жаратат деп эсептейт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Байденди шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган эмес. 13-ноябрда Кытай куттуктоо жөнөткөн соң, ири лидерлер арасында мындай кадамга барбаган Путин эле калды. Ал Кошмо Штаттардагы соттук иштер аяктап, соңку жыйынтыктар расмий жарыяланышын күтүп жатканын айткан.

Дональд Трамп болсо шайлоо тыянактарын сот аркылуу жокко чыгарууга үмүттөнөт. Бирок азырынча бул аракетинен майнап чыга элек. Аризона менен Пенсильваниянын соту республикачылардын арызын канааттандырган жок. Ал эми Жоржиядагы добуштарды кайра саноо Байдендин жеңишин тастыктады.

Жеңишке жетүү үчүн «Шайлоочулар коллегиясынын» 270 добушун алса жетиштүү болот. Учурда Жо Байден 306 добуш, Дональд Трамп — 232 добуш алды.

Булак: Маралфм