Трамптын жеңилгенин мойнуна албаганы COVID-19 менен күрөшүүгө жолтоо болуп жатат
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден кете турган президент Дональд Трамптын администрациясы менен жаңы президенттин командасында координациянын жоктугу пандемиянын курмандыктарын көбөйтүшү мүмкүндүгүн билдирди.
Байден демократтардын жана республикачылардын чакырыктарына карабай Трамптын шайлоодо жеңилгенин мойнуна албаганын «таптакыр жоопкерсиздик» деп атады.
АКШнын инфекциялык оорулар боюнча башкы адиси Энтони Фаучи Би-Би-Сиге курган маегинде, мурдагы жана жаңы президенттин командасында кызматташуунун жоктугу коронавирус менен күрөшкө зыян алып келерин бекемдеди.
Учурда АКШда илдетке кабылгандардын саны 11 миллиондон ашты. Эпидемиянын курмандыктары 17-ноябрга карата 247 356 адамды түздү. Бул маалыматтарды Жон Хопкинс университети жарыялады.
Булак: Азаттык