Британ бийлиги өлкө жарандарын жапырт эмдөөдөн өткөрүүнү декабарга пландап жатат.
Бул ууралуу ВВС кызматы жазды.
«Ал үчүн ооруканаларга 150 млн фунт (200 млн доллар) бөлүнө турган болду» деп айтылат маалыматта.
Апта башында окумуштуулар коронавирустан 90 пайыз коргогон вакцина иштелип чыкканын жарыялаган. Аны иштеп чыккан америкалык «Pfizer» жана анын германиялык өнөктөшү «BioNTech» компаниялары муну «адамзат үчүн, илим үчүн улуу окуя» деп атады.
Британия мына ушул вакцинадан 40 млн доза буюртма кылган. Толук натыйжа бериши үчүн бир кишиге эки инъекция керектигин эсепке алганда, мынча доза менен 20 млн адам эмдөөдөн өтө алат.
Булак: Маралфм