Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 205

Песков батыштын бул маалыматтары жалган экенин айтты.

  Россиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков батыштын жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматын четке какты.

Тактап айтканда батыштын ЖМКлары Путин 2021-жылдын январь айында ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүүгө камынып жатканын жазышты.

Песков батыштын бул маалыматтары жалган экенин айтты.

«Билесиздерби, бул жерде маалымат берүүнүн деле кажети жок. Бул болбогон сөз. Президентте баары жакшы, ден соолугу мыкты», - деди Песков журналисттерге.

Буга чейин «Daily Mail», «The Sun», «New York Post» сыяктуу басылмалар Путин Паркинсон оорусуна байланыштуу же үй-бүлөсүнүн кызматынан эртерээк кетүү өтүнүчүнө байланыштуу отставкага кеткенге камынып жатканын жарыялашты.

Булак: Баракелде