Евробиримдик Лукашенкого жана 14 белорус аткаминерине каршы санкция жарыялады
Европа Биримдигинин элчилери Беларус президенти Александр Лукашенкого жана августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого шектүү 14 белорус аткаминерине каршы санкция жарыялоо тууралуу чечим кабыл алышты. Аларга Евробиримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салынып, активдери камалат.
Уюмдун бул тууралуу чечими 6-ноябрда расмий жарыяланары айтылды.
Борбор калаа Минскте жана башка ири шаарларда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан элдин митингдери 9-августтан бери уланууда. Шайлоодо азыркы башчы Лукашенко жеңгени жарыяланган. Бирок митингчилер добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган деп эсептеп, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.
Батыш өлкөлөрү Лукашенконун легитимдүүлүгүн тааныган жок. Буга чейин Европа он чакты белорус саясатчысына каршы санкция киргизген.
Булак: Азаттык