Америкадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыга баштады
Американын чыгышындагы штаттарда шайлоо тилкелери жабылып, шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыга баштады.
Акыркы маалыматтарга караганда, Флорида жана Жоржия штаттарындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча демократтардын партиясынын лидери Жо Байден алдыда.
Ал Флорида штатынан добуштардын 50,8 пайызын алса, Жоржия штатынан 54,2 пайыз добуш алган. Ал эми азыркы президент Трамп 48,5 жана 44,7 пайыз добушка ээ болгон. Бирок бул акыркы жыйынтык эмес.
Америкада 3-ноябрда өткөн жалпы шайлоодо президент жана вице-президент, 35 сенатор, өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсү, штат жана аймактын 13 губернатору жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайланмак.
Булак: Баракелде