Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 135

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 46,8 млн адамга жетти

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 46 млн 801 миң 621 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Коронавирусту АКШда 9,2 млн, Индияда 8,2 млн, Бразилияда 5,5 млн, Россияда 1,6 млн, Францияда 1,4 млн, Испанияда 1,2 млн, Аргентинада 1,1 млн адам жуктуруп алды.

Ал эми коңшу Казакстанда 112 миң 860, Өзбекстанда 67 миң 254 киши илдетке кабылды.

Дүйнөдө коронавирустан 1 млн 205 миң 221 адам каза болду.

Булак: Кабар