Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 123

Эмомали Рахмондун инаугурациясы өттү

Бүгүн, 30- октябрда Тажикстанда президент Эмамоли Рахмондун инаугурациясы өттү. Бул тууралуу «ТАСС» маалымат агенттиги жазды. Салтанат “Тажикистан” мамлекеттик каналынын түз эфиринде көрсөтүлүүдө.

«Улут» сарайында Эмамоли Рахмонго президенттик белгилер ыйгарылды. Андан ары иш чара «Кохи Сомон» улуттук комплексинде уланат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын башчысы Бахтиер Худоерзода, өлкө башчысына президенттик кубөлүк тапшырды. Ал эми Тажикстан республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Абдулхафиз Ашурзода, Рахмонго президенттик бийликтин символу – Тажикстан президентинин белгисин тапшырды.

Эмамоли Рахмон  2020-жылдын 11-октябрьнда 5-жолу президент болуп шайланган. Ал 90% добуш менен президенттик шайлоодон утуп чыккан.

Булак: Маралфм