Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 132

Тажикстан менен Өзбекстан аба каттамдарын калыбына келтирүүнүн макулдашты

Тажикстан менен Өзбекстан Ташкент жана Душанбе шаарларынын ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алгачкы каттам 28-октябрда Ташкент-Душанбе-Ташкент багыты боюнча аткарылат. Бирок айрым басылмалар өз булактарына таянып, шаарлардын ортосунда учактар 2-ноябрдан тартып уча баштай турганын жазып чыгышты.

Болжолдуу жадыбалга ылайык, каттамдар Ташкенттен Душанбеге ар шаршемби күндөрү, Душанбеден Ташкентке бейшемби күндөрү аткарылып турат.

Эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы аба байланышы 16-мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Булак: Азаттык