Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 92

Казими менен жолугушууда экономикалык, аймактык жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими менен жолугушардан мурун Берлинде биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Меркель Германия Иракты ИГИЛге каршы күрөшүү, туруктуулук, экономика жана коопсуздук үчүн колдой берерин айтты.

«ИГИЛ аймакта жана анын чегинен тышкарыда дале коркунучтуу бойдон калууда. ИГИЛге каршы күрөш бүтө элек», — деп белгиледи Меркель.

Ал Ирак өкмөтүнүн реформаларды ишке ашырууга даяр экенине кубангандыгын жана бул 2021-жылдын июнь айында Иракта шайлоо күнү элдин мамлекеттик мекемелерге болгон ишенимин арттыра турганын билдирди.

Казими менен жолугушууда экономикалык, аймактык жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Ирактын премьер-министри Германиянын ИГИЛге каршы күрөшүү жана аймакты турукташтыруу аракеттерин жогору баалады. Ошондой эле, алар Германия менен качкындар жана ички миграция сыяктуу көптөгөн тармактарда кызматташууну каалашарын баса белгиледи. Ошондой эле немис компанияларын «Ирактын энергетикасына инвестиция салууга» үндөдү.

Булак: Маралфм