Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 89

Түркияны НАТОго кошпоого чакырган резолюция АКШнын Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөтүлдү.

Американын Армяндардын Улуттук комитети билдиргендей,  демилгенин автору — Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Тулси Габбард.

«Түндүк Атлантика Альянсы Тоолуу Карабахта ок атышууну токтотууга чакырып жаткан учурда, Түркия НАТОго каршы багыт алды. Бул Түркиянын чыр-чатакта Азербайжанга көрсөткөн колдоосу жана жардамында чагылдырылган»,  — деп айтылат билдирүүдө.

Документке ылайык, Анкара Тоолуу Карабахтын айланасындагы жаңжалды күчөтүп, көпчүлүк ИШИМ жана Аль-Каида менен байланышы бар жалданма аскерлерди аймакка жөнөтүп жатат.

Буга чейин Армениянын президенти Армен Саркисян Европа Биримдиги менен НАТОну «Кавказга туруксуздуктун үрөнүн сепкен» Түркияга кысым көрсөтүүгө үндөгөн.

Саркисян Анкаранын Тоолуу Карабах жаңжалына катышуусу аймактагы кырдаалды өзгөртө тургандыгын жана Азербайжандын Түркиянын геосаясий таасирин жогорулатуу аянтчасына айланарын айтты.

27-сентябрда Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабахтын талаштуу аймактары үчүн жигердүү күрөш башталды. Ереван менен Баку гуманитардык көз караш менен 18-октябрь саат 00:00дөн баштап ок атышууну токтотууга макул болушту. Бирок кийинчерээк эки тарап бири-бирин атып, мунасага келбей жатат деп айыпташкан.

Булак: Маралфм